КММАнын аспиранттары Казандагы эл аралык илимий форумда байгелүү орундарга ээ болушту
Жетишкендик 0 16 Апрель 2024

11-апрелден 13-апрелге чейин 2024-жылы Казан мамлекеттик медициналык университетинде Н.А.Семашконун 150 жылдыгына арналган "Ак гүлдөр" XI эл аралык жаштар илимий медициналык форуму өттү. Форумдун алкагында Жаш окумуштуулардын 30-эл аралык илимий-практикалык конференциясы өткөрүлүп, анда КММАнын аспиранттары баяндама жасап, байгелүү орундарга ээ болушту. "Хирургия, травматология, урология" секциясында Б.А. Атакулов (Акад. К.Р. Рыскулова атн. факультеттик хирургия кафедрасынын аспиранты, илимий жетекчиси - м.и.д., проф. Е.Ж. Жолдошбеков) III даражадагы дипломду алды.  "Фармация" секциясында П.Т. Уралиева (фармакогнозия жана дары каражаттарынын химиясы кафедрасынын аспиранты, илимий жетекчиси - ф.и.к., доцент А. Д. Мураталиева) III даражадагы диплом менен айырмаланган.

"Ар кайсы өлкөлөрдөгү кесиптештерибиз менен билим жана тажрыйба алмашууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берген конференциянын уюштурулушу жана мазмуну бизди таң калтырды. Мындан ары илимий жана кесиптик өсүүгө болгон кызыгуубузду арттырган презентациялардын жана талкуулардын жогорку деңгээли байкалды " - деп жаш окумуштуулар бөлүшүштү.