КР катышуусу «Артериалдык гипертензия жана жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуу» аттуу XI Эл аралык илимий-практикалык конференция
Билим берүү 3 Ноябрь 2025
(2025-ж., 30–31-октябрь, Витебск ш., Беларусь Республикасы)
2025-жылдын 30–31-октябрында Беларусь Республикасынын Витебск шаарында Саламаттык сактоо министрлигинин жана Витебск мамлекеттик медициналык университетинин уюштуруусу менен «Артериалдык гипертензия жана жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуу» аттуу XI Эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
 
 
Конференцияда Кыргыз Республикасын төмөнкү адис таанытты:
Муркамилов Илхом Торобекович —
медициналык илимдердин доктору, Кыргыз мамлекеттик медицинагакадемиясынын И.К. Ахунбаев атындагы факультеттик терапия кафедрасынын доценти,
 
 
Кыргызстандагы өнөкөт бөйрөк оорусу боюнча адистер коомунун төрагасы,
Россиянын Табигый илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү.
 
 
Конференциянын алкагында Муркамилов И.Т. «Артериалдык гипертензия жана коморбиддүү патология» аттуу секцияны жетектеп, төмөнкү тема боюнча илимий доклад жасады:
«Өнөкөт бөйрөк оорусунда сол карынчанын гипертрофиясы: көйгөйгө заманбап көз караш».
Доклад адистер тарабынан жогору бааланып, кеңири талкуу жаратты.
 
 
2025-жылдын 31-октябрында профессор Муркамилов «Артериалдык гипертензиянын чечилбеген маселелери» аттуу тегерек столду жетектеп, гипертензиянын диагностикасы, дарылоо ыкмалары жана алдын алуу боюнча заманбап ыкмалар, айрыкча коморбиддүүлүк шартында, кеңири талкууланды.
 
 
Иш сапардын жүрүшүндө Кыргызстандын өкүлдүгү Витебск мамлекеттик медициналык университетинин симуляциялык борбору менен таанышып чыкты. Бул борбор Европадагы эң мыкты жана жогорку технологиялуу симуляциялык окуу борборлорунун бири болуп саналат. Анын иши менен таанышуу медициналык билим берүүдөгү инновациялык тажрыйба алмашууга олуттуу салым кошту.
 
 
Конференция эл аралык илимий кызматташтыкты чыңдоого, адистердин кесиптик байланыштарын кеңейтүүгө жана кардиология, нефрология жана профилактикалык медицина жаатындагы мындан аркы кызматташуунун перспективаларын аныктоого өбөлгө түздү.