И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын Философия жана коомдук илимдер кафедрасынын доценти Тентигул кызы Назира “Кыргызстан тарых ”сабагынан “Дарылоо иш” факультетинин 2 курсунун 30, 31 тайпалары менен Кыргыз Республикасынын Улуттук Тарых музейине “Ачык эшик айында” аттуу чакырууга саякаттоого барып келишти. Кыргыз тарыхы менен кеңири таанышып, байыркы доордон – бүгүнкү күнгѳ чейинки тарыхыбыз, улуттук мурастарыбызды, ата-бабаларыбыздын баскан жолун, ѳтѳгѳн эмгектерин, урпактарга салган жолун жакындан билип, Кыргыз тарыхынын миңдеген жылдар илгерки буюмдарынан, документтеринен, сүрѳттѳрүнѳн улуттук баалуулуктар, мамлекеттүүлүктүн терең тарыхын толугу менен көрүп жакшы маанайда кайтышты.

