Билим берүү
3 Ноябрь 2025
2025-жылдын 1-ноябрында эл аралык кызматташтыктын алкагында КГМАнын ортопедиялык стоматология кафедрасынын чакыруусу менен резиденттер менен жолугушуу уюштурулуп, Түштүк Кореянын Сеул улуттук университетинин алдыңкы адистери тарабынан стоматология боюнча лекциялар окутулду.

Иш-чара учурунда стоматологиялык ооруларды диагностикалоонун жана дарылоонун заманбап ыкмалары, инновациялык технологиялар, ошондой эле адистерди даярдоонун жаңы билим берүү моделдери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында КГМА менен Сеул улуттук университетинин адистеринин ортосунда тажрыйба алмашуу, биргелешкен илимий жана билим берүү долбоорлорун жүзөгө ашыруу, кызматташууну мындан ары кеңейтүү боюнча пландар түзүлдү.

Бул кызматташтык стоматология адистерин даярдоонун сапатын жогорулатууга жана эл аралык академиялык байланышты өнүктүрүүгө чоң салым кошот.
