Эл аралык ишмердик
23 Декабрь 2025
2025-жылдын октябрь айында Азербайжандын Баку шаарында Азербайжандын дерматовенерологиялык кызматынын 100 жылдык мааракесине арналган түрк тилдүү өлкөлөрдүн Конгресси өттү. Иш-чарага Түркия, Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан жана Өзбекстандан дерматовенерология тармагындагы алдыңкы адистер жана окумуштуулар катышты.
Конгресстин жүрүшүндө катышуучулар илимий баяндамаларды жана заманбап илимий иштелмелерди сунуштап, тажрыйба алмашышты, тери жана жыныстык жол менен жугуучу ооруларды аныктоо, дарылоо жана алдын алуу маселелерин талкуулашты. Эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосундагы кесиптик байланыштарды бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулду.
Конгрессте Кыргыз Республикасынан төмөнкү өкүлдөр катышты: Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын дерматовенерология кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин доктору Койбагарова А.А.; медицина илимдеринин доктору Усубалиев М.Б. (КГМА); медицина илимдеринин кандидаты Балтабаев А.М. (Кыргыз-Россия Славян университети).

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын дерматовенерология кафедрасынын кызматкерлери Конгресстин ишине активдүү катышып, илимий баяндамалар менен чыгышты жана Түркия, Азербайжан, Кыргыз Республикасы, Казакстан жана Өзбекстандын дерматологдор жана косметологдор ассоциацияларынын өкүлдөрү менен биргеликте түрк тилдүү өлкөлөрдүн Меморандумуна кол коюшту. Бул документ дерматовенерология тармагында кызматташтыкты бекемдөөгө, илимий жана билим берүү багытында тажрыйба алмашууга, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.
Конгресс билимди бириктирген, жаңы илимий идеяларды жаратууга жана кесиптик кызыкчылыктарды өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн маанилүү эл аралык аянтча болуп, саламаттык сактоо тармагында түрк тилдүү өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгүн дагы бир ирет баса белгиледи