20 Сентябрь 2025

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында 1970 - жылы окууну аяктаган бүтүрүүчүлөр чогулушту. Иш-чарада аларды куттуктап, жылуу каалоо-тилектерин билдиришти:

• Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев;

• КММАнын ректору Индира Кудайбергенова.
Жолугушуу жүрүшүндө академиянын тарыхы, саламаттык сактоо тармагына кошкон эмгеги эскерилип, жылуу эскерүүлөр жана сыймыктуу учурлар бөлүшүлдү.
