КММАнын студентрери жетим балдарга колдоо көрсөттү
23 Октябрь 2025

И.К.Ахунбаев атындагы КММА кураторлук иштин алкагында студенттер менен биргеликте коомго пайдалуу иштерди жүргүзүүнү максат кылып келет. Бул ирет 2025-жылдын 21-октябрында кыргыз тили кафедрасынын окутуучулары Шабданбаева Ж.К., Болотова А.Б. кураторлук иш алып барган √1 дарылоо иши факультетинин 1-курс 5-6-тайпаларынын студенттери менен энеси төрөттөн каза болгон жетим балдарга колдоо көрсөтүү максатында кайрымдуулук иштерин уюштурушту. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер өз ыктыяры менен кийим-кече, оюнчук жана керектүү турмуш - тиричилик буюмдарын топтошуп, балдарга жеткирип беришти. Мындан тышкары, студенттер алар менен баарлашып, көңүл буруп, мээрим тартуулашты. Кайрымдуулук ишинин негизги максаты - студенттерди адамдык бийик сапаттарга тарбиялоо, муктаж адамдарга жардам берүү сезимин күчөтүү жана коомдогу социалдык жоопкерчиликти жогорулатуу болду.