И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы менен Германиянын Любек университетинин Нейрогенетика институту кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюшту
Өнөктөштүк 27 Октябрь 2025
Бүгүн, 2025-жылдын 27-октябры күнү, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында «Кыргызстан дүйнөлүк илим жолунда: келечектеги изилдөөлөрдүн негизин түзүү» аттуу тегерек стол өтүп жатат.
Иш-чаранын алкагында КММА менен Любек университетинин Нейрогенетика институту ортосунда кызматташтык тууралуу Меморандумга кол коюлду.
📍 Профессор Индира Орозобаевна Кудайбергенова, КММАнын ректору
📍 Профессор Кристин Кляйн, Нейрогенетика институтунун директору, Любек университети, Германия
 
 
🤝 Бул Меморандумдун кол коюлушу төмөнкү жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат:
• биргелешкен илимий жана билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу;
• окутуучуларды, студенттерди жана изилдөөчүлөрдү академиялык алмашуу программаларына тартуу;
• молекулярдык медицина багытындагы PhD программасын өнүктүрүү;
• Кыргызстанды дүйнөлүк илимий мейкиндикке интеграциялоо жана эл аралык кызматташууну чыңдоо.
 
 
📚 Тегерек столдун катышуучулары молекулярдык медицина, генетика жана трансляциялык илимдин өнүгүү келечегин, ошондой эле Кыргызстандагы медициналык билим берүү тутумуна инновациялык программаларды киргизүү жолдорун талкуулашты.
Бул окуя КММАнын илимий-билим берүү потенциалын чыңдоодо жана медициналык илим менен инновациялар тармагындагы эл аралык байланыштарды кеңейтүүдө маанилүү кадам болуп саналат.