КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨЛӨР
Илим 27 Октябрь 2025
Дүйнөдөгү эң беделдүү илимий басылмалардын бири болуп саналган Environmental Research журналынын (Q1 – биринчи квартиль) беттеринде профессор Р. Тухватшиндин окуучусу, медицина илимдеринин доктору Ж.К. Муратов, аспирант В. Турсунова (ОшМУ) жана Словениянын Йожеф Стефан институтунун окумуштуулары — Яня Сной Тратник, Питер Стегнер жана башкалар менен биргелешип жазган илимий макаласы жарык көрдү.
Макаланын аталышы:
«Blood metal(loid)s, haemoglobin and goitre in pregnant women from the mercury-exposed and non-exposed environment (Aidarken area vs Kara-Suu area; Kyrgyz Republic)»
 
 
(«Ртутка таасир эткен жана таасир этпеген чөйрөдө жашаган кош бойлуу аялдардын канынын курамындагы металлдар, гемоглобин жана калкан безинин абалы (Айдаркен жана Кара-Суу аймактары, Кыргыз Республикасы)»).
Маанилүүсү — бул журнал өзүнүн багыты боюнча эң жогорку деңгээлдеги (топ-25%) цитаталанган жана таасирдүү журналдардын катарына кирет. Ал Elsevier Inc. (АКШ) тарабынан жарыяланат жана анын импакт-фактору — 7,7.
Кыргызстандык жана чет өлкөлүк окумуштуулардын медико-экологиялык көйгөйлөр боюнча биргелешкен изилдөөлөрү он жылдан ашуун убакыттан бери жүргүзүлүп келет.
2024–2025-жылдары жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгында Баткен облусунун Айдаркен аймагындагы 90 кош бойлуу аялды изилдөө аркылуу ртуттун деңгээли кооптуу чекке жетпегенин, бирок анын узак мөөнөттүү таасири калкан безинин ишине таасир этиши мүмкүн экенин көрсөттү.
Бул эмгек Кыргызстандагы илимдин эл аралык деңгээлге чыгышын жана өлкөбүздүн окумуштууларынын дүйнөлүк илимий коомчулуктагы активдүү катышуусун дагы бир ирет далилдеди.