«Убакыттан тыш адам» аттуу илимий-практикалык конференция өттү
Илим 22 Декабрь 2025
Улуттук онкология жана гематология борборунда
«Убакыттан тыш адам» аттуу илимий-практикалык конференция өттү
2025-жылы Бишкек шаарындагы Улуттук онкология жана гематология борборунда көрүнүктүү хирург-онколог, медицина илимдеринин кандидаты, педагог жана устат Саяков Уметалы Карагуловичтин жаркын элесине арналган «Убакыттан тыш адам» аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү.
 
 
Конференция И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы, Улуттук онкология жана гематология борбору жана Эл аралык жогорку медицина мектеби тарабынан уюштурулду.
Иш-чараны расмий ачуу жана куттуктоо сөзү менен И.К. Ахунбаев КММАнын ректору И.О.Кудайбергенова сөз сүйлөп, Саяков Уметалы Карагуловичтин ата мекендик онкологиянын өнүгүшүнө кошкон зор салымын, анын кесипкөйлүгүн жана медициналык кадрларды даярдоодогу ордун белгиледи.
 
 
Конференцияга онколог-дарыгерлер, хирургдар, гематологдор, медициналык жогорку окуу жайлардын окутуучулары, жаш адистер жана илимпоздор катышты. Илимий программанын алкагында залалдуу шишиктерди аныктоо жана дарылоонун заманбап ыкмалары, клиникалык тажрыйба жана онкологиялык кызматты өнүктүрүүнүн келечектери талкууланды.
Конференциянын жүрүшүндө Саяков Уметалы Карагуловичтин кесиптик жана адамдык мурасына өзгөчө көңүл бурулду. Катышуучулар аны жогорку деңгээлдеги адис, принципиалдуу дарыгер жана бир нече муун дарыгерлерди тарбиялаган устат катары эскеришти.
 
 
Иш-чаранын Улуттук онкология жана гематология борборунун дубалдарында өткөрүлүшү муундардын улануусун, илим менен клиникалык практиканын биримдигин жана Саяков Уметалы Карагулович өмүрүн арнаган иштин уландысын символдоштурду