Кургак учуктун учурдагы глобалдык (анын ичинде Кыргызстанда да) көйгөйлөрү,
Университеттин жашоосу 0 29 Март 2024

Госпиталдык терапия кафедрасы жана гематология курсунун ассистенттери Мусакеев А.О., Тагаева Б.Т., Атабаева Д.Н., Жаныбек к. А. бүткүл дүйнөлүк кургак учук оорусу менен күрөшүү күнүнө карата англис тилинде окутулуучу дарылоо иши факультетинин 4-курсун жетектеген топтору менен көзөмөлдүк сабак өтүштү. Сабактын жүрүшүндө кургак учуктун учурдагы глобалдык (анын ичинде Кыргызстанда да) көйгөйлөрү, эпидемиологиялык абалы, ошондой эле 2030-жылга чейин кургак учук эпидемиясын токтотууга багытталган БУУнун амбициялуу программалары кеңири талкууланды.

Кургак учуктун алдын алуу жолдору, стигматизацияга каршы күрөшүү чаралары талкууланды. Бул оорунун алдын алууга жана айыктырууга боло тургандыгы өзгөчө баса белгиленди! Куратордук сабакты өткөрүүнүн максаты: студенттердин кургак учук тууралуу маалымдуулугун жана сабаттуулугун жогорулатуу!