Университеттин жашоосу
25 Сентябрь 2025
Бүгүн И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында көрүнүктүү хирург, окумуштуу жана коомдук ишмердин туулган күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.


Иса Коноевич Ахунбаев (1908–1975) — көрүнүктүү кыргыз хирургу, окумуштуу, Кыргыз ССР Илимдер академиясынын алгачкы президенти, республикада көкүрөк хирургиясынын негиздөөчүсү. Ал 1959-жылы Борбордук Азияда биринчи жолу жүрөккө операция жасаган. Бүгүн анын ысымын алып жүргөн академия улуу инсандын мурасын сактап, улантып келет.


Таң эртең менен академиктин айкелине гүлчамбар коюу аземи менен башталды. Монументке КММАнын жетекчилиги, окутуучулар, студенттер, ошондой эле анын жакындары — медицина илимдеринин доктору, госпиталдык хирургия кафедрасынын профессору, кызы Нелли Исаевна Ахунбаева жана хирург-онколог, Эл аралык жогорку медициналык мектебинин ректору, небереси Сталбек Медерович Ахунбаев келип таазим кылышты.


Өз сөздөрүндө алар Иса Коноевичтин илимий мурасын гана эмес, анын жеке сапаттарын да белгилешти — түздүгү, принципиалдуулугу жана ишине берилгендиги менен ал медицинада да, шакирттеринин жүрөгүндө да терең из калтырган.

Расмий бөлүгүнөн кийин анын кесиптештеринин, медицина ардагерлеринин эскерүүлөрү угулду. Ал эми академиянын студенттери чыгармачыл программа тартуулап, сахнадан улуу дарыгердин элесине арналган ырлар жаңырды.

