КММАнын медициналык биология, генетика жана паразитология кафедрасында «КММАнын тарыхы» аттуу семинар өткөрүлдү
Университеттин жашоосу 6 Октябрь 2025
2025-жылдын 6-октябрында Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын медициналык биология, генетика жана паразитология кафедрасынын доценти, б.и.к. Раимкулов Курсанбек Мамасалиевич кураторлук кылган педиатрия факультетинин 8-тайпасы үчүн студенттер менен бирдикте «КММАнын тарыхы» темасында семинар өткөрдү.
 
 
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер өздөрү билим алып жаткан академиянын түптөлүшү, өнүгүү жолу жана коомдогу орду тууралуу кеңири маалымат алышты. Академиянын тарыхын билүү жаш адистер үчүн зор мааниге ээ. Анткени бул билим мекемеге болгон сый-урматты арттырып гана тим болбостон, студенттердин мекенчилдик сезимин, жоопкерчилигин жана өз кесибине болгон сыймыгын дагы бекемдейт.
 
 
КММАнын бай тарыхы – студенттер үчүн баалуу мурас. Алар улуу окутуучулардын жана илимпоздордун жолун улантып жатканы чоң сыймык экендигин дагы бир жолу тастыкташты.
 
 
Студенттер өздөрүнүн окуп жаткан окуу жайынын тарыхы менен тааныштырып, терең түшүндүрүп берген куратору Курсанбек Мамасалиевичке чоң ыраазычылык билдиришти. Анткени мындай иш-чаралар студенттердин билимине гана эмес, руханий дүйнөсүнө да таасир берип, мекенчилдик сезимин арттырып, КММАнын тарыхына болгон сый-урматын чыңдайт.