"Манас" эпосунун күнүнө карата
Университеттин жашоосу 4 Декабрь 2025

КР Президентинин Жарлыгына ылайык "2022-2027- жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндөгү " "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик " уңгужолу программаларын жүзөгө ашыруу алкагындагы 4-декабрь "Манас" эпосунун күнүнө карата 2025-жылдын 4-декабрында кыргыз тили, философия жана коомдук илимдер, чет тилдери жана латын тили кафедралары " Манас - улуттук аң-сезимдин булагы " аттуу факультеттер аралык студенттердин акыл таймаш интеллектуалдык мелдешин өткөрүштү.

Иш-чаранын негизги максаты студенттердин улуттук тарых, адабиятка болгон кызыгуусун арттыруу. "Манас" эпосунун баалуулуктарын даңазалоо жана жаштардын чыгармачылык ой жүгүртүүсүн өстүрүү болуп саналат.

Мелдешке 1-2-курстардын студенттеринен түзүлгөн 7 команда катышты. Эпостогу каармандар, сюжет, манастаануу багыты боюнча даярдалган суроолорго жооп беришти. Мелдеш бир нече этаптан турду.

Ар бир этапта студенттердин билим деңгээли, тез ойлонуу жөндөмү топ менен иштөө маданияты бааланды. Иш-чаранын жыйынтыгында студенттер "Манас" эпосунун тарбиялык, тарыхый жана руханий маанисин дагы бир ирет терең түшүнүп, улуттук баалуулуктарды урматтоонун, сактоонун зарылдыгы белгиленди.