«MedExpo Kyrgyzstan 2024».
Университеттин жашоосу 0 5 Апрель 2024
2024-жылдын 4-апрелинде Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жумалыгынын алкагында И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын фундаменталдык жана клиникалык физиология кафедрасынын доценттери жана кураторлору студенттер менен биргеликте “MedExpo Кыргызстан 2024” 18-эл аралык адистештирилген көргөзмөсүнө барышты. Конгресс-көргөзмө иш-чарасы КМДТжСА манежинин аянтчасында уюштурулду. Студенттер саламаттыкты сактоо тармагындагы акыркы жетишкендиктер жана алдыңкы технологиялар менен таанышышты.