Нарын облусунун медицина жетекчилерине «Эхинококкоз жана ичеги мите курт ооруларынын актуалдуу суроолору жана алдын алуу иштерин жакшыртуу» деген темада семинар болуп өттү
Университеттин жашоосу 0 2 Апрель 2024

Нарын облусунун медицина жетекчилерине «Эхинококкоз жана ичеги мите курт ооруларынын актуалдуу суроолору жана алдын алуу иштерин жакшыртуу» деген темада семинар болуп өттү.

Нарын облусунда саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилери, баштапкы саламаттыкты сактоо уюмдарынын, ооруларды алдын алуу жана санэпидкөзөмөл борборлорунун кызматкерлери жана ден-соолукту чындоо кабинеттердин адистери үчүн Нарын шаарында семинар болуп өттү.
Бул семинарга И.К. Ахунбаева атындагы КММАнын медициналык биология, генетика жана паразитология кафедрасынын окутуучусу, саламаттык сактоонун отличниги, биология илимдеринин кандидаты, доцент Раимкулов Курсанбек Мамасалиевич 2024-жылдын 28-29-мартында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2024-жылдын 29-январындагы №221 буйругунун негизинде «Эхинококкоз жана ичеги мите курт ооруларынын актуалдуу суроолору жана алдын алуу иштерин жакшыртуу» деген темада лекциялар окулуп, Нарын областынын саламаттыкты сактоо тармагынын жетекчилерине семинар өткөрүлдү.


Өткөрүлүп жаткан семинардын алкагында көрсөтүлгөн темалар учурда Нарын облусунун саламаттыкты сактоо тармагынын жетекчилеринин деңгээлиндеги приоритеттүү маселелердин бири болуп саналат.
Курсанбек Мамасалиевич өз лекцияларында негизинен мите курт ооруларынын актуалдуулугуна, эпидемиологиялык кырдаалга, мителердин адам организмине тийгизген таасирине, мите курттардын клиникалык көрүнүштөрүнө, орун алган көйгөйлөргө токтолду.
Семинар жемиштүү болуп, материал заманбап окутуунун усулдары презентация түрүндө маалымат берип өз максатына жетти.