Профессору КГМА М.К.Эсенаманова 85 жашка толду
Университеттин жашоосу 0 3 Апрель 2024

2.04.2024ж. Гигиеналык дисциплиналар кафедрасынын профессору М.К. Эсенаманова 85 жашка толду. Бул күнү Марина Кадыровна "Медициналык алдын алуу иши" факультетинин үлгүлүү студенттерине 20000с өлчөмүндө, жыл сайын берилүүчү стипендиясын тапшырды. Алар: Мирбекова Айдана (6-к, 2гр.) - 4000с; Цой Дина (6-к, 3гр.) - 4000с; Бережная Юлия (5-к, 1гр.) - 4000с; Шабданбеков Адилет (5-к, 5гр.) - 4000с; Маратова Сеиля (4-к, 2гр.). Профессор М.К. Эсенаманованы кафедранын жалпы кызматкерлери жана "Медициналык алдын алуу иши" факультетинин студенттери 85 жаш туулган күнү менен куттукташты.