КММАнын студенттери Бишкек шаардык карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жалпы типтеги үй-интернатта болушту
Университеттин жашоосу 0 16 Апрель 2024

2024-жылдын 11-апрелинде И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын дарылоо факультетинин 3-курсунун 39-тайпасынын студенттери , жалпы гигиена кафедрасынан куратор Гулина Токтогуловна Эгембердиева менен бирге Бишкек шаардык карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жалпы типтеги үй-интернатта болушту.

Студенттер эшиктин алдын шыпырып тазалашты, таштандыларды чогултушту, идиш-аяк жууганга жардам беришти, пардаларды илишип, шейшептерди алмаштырышты. Алар камкордукка жана көңүл бурууга муктаж болгон адамдар үчүн ыңгайлуу чөйрө түзүүгө жардам беришти.


Студенттер короодо ачык маек куруп, чоң ата, чоң энелер алардын келишкенине абдан кубанышты. Алар ар кандай кызыктуу турмуштан алынган окуяларды берилүү менен айтып, турмуштук тажрыйбалары менен бөлүшүштү, туура кеңештерди жана насааттарды беришти.