КММА студенттери Президенттин катышуусунда өткөн жаштар форумуна катышты
Университеттин жашоосу 11 Ноябрь 2025

Президенттин катышуусунда өткөн ири жаштар форумуна И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 150 студенти катышты.



Форумда академиянын атынан стоматология факультетинин 5-курсунун студенти Абдыкалыкова Бегимай сөз сүйлөп, КММА жаштарынын демилгелери жана көз караштарын билдирди.



Медициналык академиянын студенттеринин бул ири иш-чарага катышуусу жаш адистердин саламаттыкты сактоо тармагынын жана коомдун өнүгүүсүндөгү ролун күчөтүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.