Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана улуттук баалуулуктарды жайылтууга арналган тил майрамы
Университеттин жашоосу 4 Декабрь 2025

Жалпы жана клиникалык эпидемиология, М.М. Мурзалиев атындагы неврология жана клиникалык генетика
аскер-медициналык даярдык жана экстремалдык медицина жана спорттук медицина курсу менен клиникалык реабилитология жана физиотерапия кафедралары тарабынан 4-декабрь күнү тил фестивалы өттү.

Фестиваль адаттагыдай эле ай сайын өтүп, КММАда мамлекеттик тилди өркүндөтүүгө багытталган маанилүү маданий-агартуучулук иш-чара болуп саналат.

Кыргыздын тарыхы, каада-салты, улуттук кийимдери, оюндары жана тамак-аштарынын пайдасы медициналык жактан талданып, жаштарга айтылды.

Бул фестиваль окутуучулар менен студенттердин мамлекеттик тилге болгон кызыгуусун арттырып, тил маданиятын өрчүтүүгө, улуттук баалуулуктарды даңазалоого жана кызматкерлердин тилдик компетенцияларын жогорулатууга өбөлгө түзүп келе жатат.