Дипломдон кийинки үй-бүлөлүк медицина кафедрасы
Байланыш маалыматы
Дипломдон кийинки үй-бүлөлүк медицина кафедрасы
Дипломдон кийинки үй-бүлөлүк медицина кафедрасы
Кафедра кызматкерлери
Салибаев Оскон Абдыгапарович
Салибаев Оскон Абдыгапарович
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин доктору
Кызматы:
Кафедра башчысы
Раимжанов Абдухалим Раимжанович
Раимжанов Абдухалим Раимжанович
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин доктору
Окумуштуу наамы:
академик
Кызматы:
Кафедранын профессор
Бримкулов Нурлан Нургазиевич
Бримкулов Нурлан Нургазиевич
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин доктору
Окумуштуу наамы:
профессор
Кызматы:
Кафедранын профессор
Абдуллаев Таалайбек Орозович
Абдуллаев Таалайбек Орозович
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Кызматы:
Окуу бөлүмүнүн башчысы
Хакимходжаев Зуфар Шавкатович
Хакимходжаев Зуфар Шавкатович
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Артыкбаева Айгул Качкынбаевна
Артыкбаева Айгул Качкынбаевна
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Окумуштуу наамы:
доцент
Узаков Тынчтык Бакытбекович
Узаков Тынчтык Бакытбекович
Окумуштуу даражасы:
медицина илимдеринин кандидаты
Кызматы:
Ассистент
Аралбаева Айгерим Базарбаевна
Аралбаева Айгерим Базарбаевна
Кызматы:
Ассистент
Астанова Элмира Темировна
Астанова Элмира Темировна
Кызматы:
Ассистент
Каракеева Насипа Тултемировна
Каракеева Насипа Тултемировна
Кызматы:
Ассистент
Таалайканова Айнура Таалайкановна
Таалайканова Айнура Таалайкановна
Кызматы:
Ассистент
Аматова Нурсулуу Нурханбековна
Аматова Нурсулуу Нурханбековна
Кызматы:
Ассистент
Букараева Курманжан Эркиновна
Букараева Курманжан Эркиновна
Кызматы:
Ассистент
Сагитова Айдана Рыспековна
Сагитова Айдана Рыспековна
Кызматы:
Ассистент
Кошукеева Анара Кошукеевна
Кошукеева Анара Кошукеевна
Кызматы:
Ассистент
Ботбаева Эркинай Ильясовна
Ботбаева Эркинай Ильясовна
Кызматы:
Ассистент
Бейшекеева Азиза Канатовна
Бейшекеева Азиза Канатовна
Кызматы:
Ассистент
Назирбекова Айпери Алтынбековна
Назирбекова Айпери Алтынбековна
Кызматы:
Ассистент
Кыскача тарыхы

Биринчи жолу үй-бүлөлүк медицина кафедрасы 1999-жылы СССР ИА жана  КР УИАнын академиги, м.и.д. профессор М.М. Миррахимов баш болгон №1 ички оорулар кафедрасынын поликлинакалык дарылоо доценттик курсунун курамында негизделген. Поликлинакалык дарылоонун доцентик курсу болуп  1991 -жылы 28-августунда куралып, аны КРнын эмгек сиңирген дарыгери, доцент А.О. Айткулова жетектеген. 1999-жылдын 1-октябрынан баштап курс өз алдынча үй-бүлөлүк медицина кафедрасы болуп, аны проф. Т.С. Мейманалиев жетектеген. Кыргызстанда үй - бүлөлүк медицинанын  өнүгүүсүнө  доцент  Г.К. Нанаеванын кошкон салымы чоң. Анын жетектөөсү менен үй - бүлөлүк медицинанын  дипломго чейинки жана дипломдон кийинки деңгээлдеги жаңы окуу программалары иштелип чыккан, ошондой эле Кыргызстанда үй - бүлөлүк дарыгерлерди даярдоо башталган. Бирок, 2004-жылы  үй-бүлөлүк медицина кафедрасы поликлиникалык дарылоо курсу болуп кыскартылып калган.

2017- жылдын февраль айында мамлекеттин саламаттыкты сактоо тармагынын  талабына жараша үй-бүлөлүк медицина кафедрасы кайрадан калыбына келтирилип, аны проф Н.Н. Бримкулов жетектеп калды. Кафедрада эл аралык талаптарга жооп берүүчү окуу программалар, окуу-куралдары (компетенттүүлүк каталогу, ординатордун күндөлүгү) иштелип чыгып, баалоо жана көзөмөлдөөнүн жаңы заманбап ыкмалары ишке ашырылган. Студенттер менен   илимий коомдун негизинде ар тараптуу жумуш алып баруу, бүтүрүүчүлөр менен жолугушууларды өткөрүү, студенттерди үй-бүлөлүк медицинанын дүйнө лидерлеринин катышуусунда өткөрүлгөн съезд жана конференцияларга тартуу ординаторлордун санынын кескин өсүүсүнө алып келди. Ошентип, 2018-жылы август айында ординатурага келгендердин саны 56 болуп, 2015- жылга салыштырмалуу 28 эсе көбөйдү. Окуу методикалык жумуштардын кескин көбөйүп кеткенине байланыштуу, ЖОЖ кадр ресурстарын дагы көбөйтүүгө  муктаж болду. Ошол шарттарга байланыштуу, 2018-жылы сентябрь  айында дипломго чейинки жана дипломдон кийинки үй-бүлөлүк медицина болуп кайрадан эки кафедра түзүлдү. 2018- жылдын 1 - сентябрынан баштап дипломдон кийинки уй - бүлөлүк медицина кафедрасын  башкаруу проф. Н.Н. Бримкуловго  жүктөлгөн.

2017-жылдын 21-июлунан тартып, кафедранын жамааты «Чек арасыз үй-бүлөлүк медицина» ыктыярдуу коомдук коммерциялык эмес уюмуна кошулушту.

2017-жылдан тарта кесиптик стандарт, ИПС (операциялык процедураларынын стандарты) иштелип чыккан.

Кафедранын ийгиликтери

Кафедранын негизги максаты ординаторлорду үй - бүлөлүк медицина/жалпы медициналык практика тармагында даярдоо, кесипти даңазалоо жана аны ар түрдүү - академиялык,  илимий, кесиптик тажрыйба жана социалдык багытта өнүктүрүү.

Кыска убакытта иш жүргүзүү мезгилинде кафедра окуу программасын кайра иштеп чыгып,  көзөмөлдөө  жана баа берүүнүн заманбап ыкмаларын киргизди. Окуу процессине телемедицина элементтери (аралыктан окутуу, онлайн кеңеш берүү, Whatsapp ж.б.) жигердүү киргизилүүдө. Кафедра дипломдом кийинки окутууну  борбордон  ажыратууну (децентрализациялоону)  ишке ашырып келе жатат жана аймактык клиникалык базаларда практикалык окутуунун биринчи ийгиликтерин көрсөтүүдө. Республиканын аймактарына чыгуу менен борбордон ажыратуунун (децентрализациялоонун)  натыйжалуулугун көзөмөлдөө  киргизилип жатат.

Кафедранын кызматкерлери үй - бүлөлүк дарыгерлердин беделин жогорулатуу максатында ар кандай демилгелер менен иш алып барууда:

Кыргызстандыгы үй – бүлөлүк жана жалпы практикалык дарыгерлердин съездерин өткөрүү ( Бишкек-2015; Ош-2017; 2019).

Υй – бүлөлүк медицинанын ординаторлоруна арналган жыл сайын өткөрүлүүчү республикалык конференциялар (2017, 2018, 2019, 2020, 2021, 2022 ж.).

   

   

2022-жылдын 22-майында Бүткүл дүйнөлүк үй-бүлөлүк дарыгерлер күнүнө карата дистанцияга чуркоо-жугуруу уюштурулуп өткөрүлдү. Жарыштын негизги максаты калк арасында сергек жашоо образын жайылтуу болду. 40тан ашык катышуучу катышты.

Швейцариялык MORRIS фондунун мүчөлөрү, профессор Ив жана профессор Луи.

Илимий ишмердүүлүк

Үй-бүлөлүк медицина жана жалпы медициналык практика жаатында илимий изилдөөлөр башталды. “Үй-бүлөлүк медицина/Жалпы медициналык практика” жаңы илимий адистигин түзүү боюнча иштер жүрүп жатат. Бөлүмдүн кызматкерлери клиникалык протоколдорду жана клиникалык колдонмолорду иштеп чыгууга катышышат.

Кафедранын кызматкерлери окуу-методикалык жана илимий иш-чаралар менен катар дарылоо-диагностикалык процесстерге активдүү катышып, консультациялык жардам көрсөтүүдө.

2022-жылы кафедранын 2 кызматкери, ошондой эле коңшу өлкөлөрдөн келген чет элдик студенттер аспирантурага кабыл алынган.

Студенттик илимий ийрим (СИИ)

Ийримдеги иш студенттер тарабынан үч формада жүргүзүлөт: реферат, илимий жана клиникалык. Реферативдик иш илимий жана практикалык көз караштан клиникалык медицинанын эң кызыктуу бөлүмдөрүн камтыйт.

Студенттердин изилдөөлөрүнүн негизинде үй-бүлөлүк медицинанын клиникалык ординаторлорунун жылдык конференциясына макалалар жарыяланып, плакаттар даярдалат.

Фотогалерея

Муляж борборунда сабактар.

  

   

Тез жардам борборундагы сабактары.

Региондор боюнча клиникалык ординаторлорду окутууга мониторинг жүргүзүү

"ЭЛДИК" клиникалык базасында ординаторлор менен сабактар

Ординаторлор үчүн клиникалык конференциялар

Клиникалык ординаторлордун даярдаган плакаттары

COVID-19 пандемиясынын учурунда клиникалык ординаторлорду "Ганси" базасында иш ийронуу

Швейцариялык Морис Фондунун мүчөсү, профессор Луи Лутан менен жолугушуу

Алматыда болгон клиникалык конференцияда Улуттук колледждердин, академиялардын жана жалпы практикалык дарыгерлердин академиялык ассоциацияларынын бүткүл дүйнөлүк уюмунун президенти (Вонка) М. Кидд менен жогулушуу.

Студенттик илимий ийримдердин жарманкеси 2022

Эл аралык мамилелер

Бүгүнкү күндө бөлүм эл аралык байланыштарды бекемдеп, төмөнкү уюмдар менен тыгыз кызматташып келет:

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ВОЗ)

MER долбоору

Морис Фондунун мүчөлөрү

WONCA (Бүткүл дүйнөлүк үй-бүлөлүк дарыгерлер уюму);

EURACT (үй-бүлөлүк медицина боюнча Европалык билим берүү академиясы);

Васко да Гама (үй-бүлөлүк дарыгерлердин европалык жаштар кыймылы);

STLI

АСВК (Казакстандын үй-бүлөлүк дарыгерлер ассоциациясы);

Медайымдардын кесиптик ассоциациясы

ҮДТ (үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун жана үй-бүлөлүк медайымдардын бирикмеси)

Ошондой эле, 2021-жылдын февраль айынан баштап кафедра М. Оспанов атындагы Батыш Казакстан мамлекеттик медициналык университети менен биргелешкен конференцияларды өткөрүп келет.

Жетишкендиктер

2019-жылы 2- жыл резиденти Талапбек к Шириндин Братиславада өткөн 24-WONCA европалык конференциясына катышуу үчүн грант утуп алган. Ошол эле жылы Европадагы үй-бүлөлүк дарыгерлердин Васко да Гама жаштар кыймылына Кыргызстандан коллегия мүчөсү жана өкүл болуп шайланган.

2019-жылы төраганын орун басары болуп Туранова Нурайым Васко де Гамада алмашуу координаторлык иште жетектеп, Туринде өткөн Жаш үй-бүлөлүк дарыгерлер форумунда презентация тартуулады.

2021-жылы Дипломдон кийинки билим берүүнүн үй-бүлөлүк медицина кафедрасынын кызматкерлери EURACT мүчөсү болуп, кафедранын ассистенти Талапбек Ш.Кеңештин мүчөсү болуп шайланды.

Кафедранын негизги базасы

Кафедранын негизги базасы И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын үй-бүлөлүк медицина борбору.. Борбор 2022-жылдын 16-мартында ачылган жана эл аралык стандарттарга ылайык жабдылган. Борборду үй-бүлөлүк дарыгер Абдуллаев Таалайбек Орозович жетектейт.