Чыгыш Финляндия университетинде академиялык мобилдүүлүк

КММА жана Чыгыш Финляндия университетинин ортосундагы институттар аралык келишимдин алкагындагы ( Эразмус+ программалары) КММАнын студенттери жана окутуучулары үчүн академиялык мобилдүүлүк бар.

2018-жылы КММА ушул университетте академиялык мобилдүүлүктүн бир этабын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду анын алкагында Эпидемиология кафедрасынын окутуучусу Ырысова М.Б. конок лекцияларын өткөрүштү, ал эми Шингареева К. Чыгыш Финляндия университетинде 1-жылкы ординатурасынан өттү.

2019-жылы КММА менен ЧФУ макулдашууларын жаңыртты жана академиялык мобилдүүлүктүн экинчи этабын ишке ашырат.

Ушул максатта КММА окутуучулар жана студенттер арасында академиялык мобилдүүлүккө катышуу конкурсун жарыялайт.

Студенттер үчүн конкурска катышуу шарттары

Катышуу үчүн ким билдирме бере алат? Коомдук саламаттыкты сактоо, эпидемиология жана гигиена чөйрөсүндөгү маселелер боюнча  кызыккан/алектенген студенттер, ординаторлор жана аспиранттар.

Академиялык мобилдүүлүктүн максаты: тажрыйба алмашуу

Гранттардын саны: 1 орун

Академиялык мобилдүүлүктүн узактыгы: 3 ай

Ѳтүлүүчү жери: Чыгыш Финляндия университети, Куопио, Финляндия

Чыгымдарды төлөө: толук грант

Талапкерликке коюлган талаптар:

- англис тилин эң жакшы билгендер (Advanced, TOEFL деңгээл)

- академиялык жакшы көрсөткүчтөр

- иш тажрыйбасы, же көрсөтүлгөн чөйрөдө изилдөө өткөрүү

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер зарыл:

- сүрөтү менен англис тилиндеги таржымал

- академиялык мобилдүүлүккө так сиздин катышууга туура келгендигиңизди түшүндүргөн мотивациялык кат

- (ECTS) кредиттик саатты көрсөткөн дипломдун транскрипти

- англис тилин билүү деңгээлин тастыктаган сертификат

Бардык документтер 2020-жылдын 1-апрелине 15:00го чейин көрсөтүлүшү керек.

Ишенимдүү толук документтер КММанын Эл аралык мамилелер бөлүмүнө (Мээрим же Нурзадага) 2-кабаттагы 77-кабинетке тапшырылышы керек.

Бардык суроолор боюнча 0312 545859 номуруна чалып, же international@kgma.kg электрондук дарегине (темасына «»Академиялык мобилдүүлүк ЧФУ деп жазуу керек)  кайрылсаңыздар болот.