Медайымдык иш боюнча эл аралык форум
15 Март 2024 0
Медайымдык иш боюнча эл аралык форум

ПОСТЕРДИК ДОКЛАДКА ТЕЗИСТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ ЖҮРҮП ЖАТАТ
Алдыда боло турчу 5-Эл аралык медайымдык иши боюнча форумга тезистерди
(аннотация) кабыл алуу башталгандыгы тууралуу кабарлайбыз. Форум 2024-жылдын 7-
майында И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын Конференц-холлунда өткөрүлөт.
Форумдун темасы: “Компетенттүү медайым-дарыгердин татыктуу өнөктөшү”.
Постер-сессиянын максаты: КР медициналык айымдарынын жана кызматкерлеринин
илимий-изилдөө ишмердигиндеги потенциалын жогорулатуу. Кабыл алынган
макалалардын авторлору Эл аралык медайымдык форумда постер аркылуу ишин
көрсөтө алат.
Сиздерден аннотацияларды чыдамсыздык менен күтөбүз жана форумда жолугушабыз
деп үмүттөнөбүз.
Илимий постердик макаланын багыттары:
• Медайымдык иш
• Саламаттыкты сактоо жана медайымдык иш багытында билим берүү
• Коомдук саламаттык жана саламаттыкты сактоо
• Саламаттыкты сактоо тармагындагы ж.б. темалар
Маанилүү даталар:
• Тезисти тапшыруу мөөнөтү: 12-апрель 2024-жыл
• Кабыл алынгандыгы жөнүндө жарыя: 19-апрель 2024-жыл
Материалды тапшыруу үчүн талаптар:
• Тезис англис же орус тилдеринде жазылышы керек.
• Тезис англис тилинде 500 сөздөн жана орус тилинде 700 сөздөн ашпашы керек
жана Word форматындда жөнөтүңуз
• Тезисиңизди(аннотация) жөнөткөн соң жыйынтыгын жарыялагандан кийин
постериңизди жөнөтүңүз:
o Тезисти жөнөтүү үчүн төмөнкү шаблонду толтуруңуз
https://forms.gle/jeYY7qMr7YTA629B6 
o Постердик макаланын туурасы менен узундугу 1:2 катышына дал келгенин
тактаңыз.
o Даяр материалдарды төмөнкү папкага жүктөңуз: 


https://drive.google.com/drive/u/0/folders/1mzcMrr84Ihzmw30mkgKNshUVLozdI-VbAT8Qkq-jWIzb240PYGxiYKmxSStshazqDljxfno      Уюштуруучулар PDF же PPT форматында жөнөтүлгөн постерлерди
басып чыгарып жана жайгаштырып беришет.
Илимий маклаларды кароо жана тандоо процесси:
Бардык тапшырылган макалалар форумдун уюштуруу комитети тарабынан
жүргүзүлгөн рецензия процессинен өтөт.
Авторлордун иштеринин кабыл алынганы тууралуу жыйынтык 2024-жылдын 19-
апрелинине чейин билдирилет.
Постердик сессия жана форум тууралуу кенен маалыматты биздин
www.brightkyr.khu.ac.kr  дарегинен тапса болот.
Эл аралык Эл аралык медайымдык форум 2024 катышууңузду жана салымыңызды
кошуууңузду күтөбүз. Эгерде кандайдыр бир суроолоруңуз же кошумча маалымат
керек болсо, brightkyrgyzstan@khu.ac.kr,  nursingksma@gmail.com  даректери аркылуу
байланышыңыз.
Урматтоо менен,
5-Эл аралык медайымдык форум 2024 дүн уюштуруучулары.