Францияга кыска мөнөттүү академиялык мобилдүүлүк гранттары
9 Февраль 2024 0
Францияга кыска мөнөттүү академиялык мобилдүүлүк гранттары
Франциянын Кыргызстандагы элчилиги Францияда кыска мөөнөттүү мобилдүүлүктөн (1 ай) Өтүү үчүн саламаттыкты сактоо тармагындагы кыргыз изилдөөчүлөрүнүн жана дарыгерлеринин арасынан талапкерлерди тандоо боюнча сынак жарыялайт.
 
Дарыгерлер үчүн байкоо жүргүзүү практикасы программасы бар. Толук маалыматты бул жерден тапса болот.
 
Илимий изилдөөчүлөр үчүн илимий изилдөө практикасы программасы бар. Толук маалыматты бул жерден тапса болот.
 
Эки программага тең тапшыруу мөөнөтү 31-март, 2024-жыл.
 
Кеңири консультация алуу үчүн КММАнын эл аралык бөлүмүнө кайрылууңуздарды суранабыз.