Кабыл алуу комиссиясы
Байланыш маалыматы

Кымбаттуу абитуриенттер!

       Чыгаан хирург И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы – Кыргызстандагы адистештирилген мамлекеттик жогорку окуу жайларынын ичинен медициналык жана фармацевтикалык кадрларды даярдоо чөйрөсүндө  эң негизигиси болуп эсептелет. Бул окуу жай 1939-жылы негизделип, басып өткөн жолунда 40 миңден ашуун дарыгерлерди даярдаган. Азыркы учурда медициналык академияда 6000 ашуун студенттер, клиникалык ординаторлор жана интерндер, аны менен катар жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген студенттер билим алышат.

       Бүгүнкү күндө КММАда 800дөн ашуун жогорку квалификациядагы окутуучулар, алардын ичинен  чет өлкөнүн, КРнын УИАнын академиктери жана коррепондент-мүчөлөрү, докторлору жана илим кандидаттары, ошондой эле эмгек сиңирген дарыгерлер, илимдин эмгек сиңирген кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана Билим берүү жана илим министрлигинин мыкты кызматкерлери иштетешет. 55 кафедрада, алардын ичинен 21 теориялык жана 34 клиникалык профилде жогорку жана ЖОЖдон кийинки даярдоо иштери жүргүзүлөт. Окутуу Европа өлкөлөрүнүн ири окуу жайларында аппробацияланган 3-муундун жаңы МАМСТАНДАРТына ылайык медициналык техникалары жана инструменттери менен жабдылган  клиникаларда, окуу борборлорунда жана аудиторияларында жүргүзүлөт.

Медициналык окуу жайда жогорку билим алуу  бардык жерде ар дайым кадыр-барктуу мүнөзгө ээ. И. К. Ахунбаев атындагы КММА так ушундай окуу жай болуп эсептелет, анткени ал  даңктуу салттарга, тарыхка бай жана анын туруктуу келечеги бар.

И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына кош келиңиздер!

СИЗДЕРГЕ ИЙГИЛИКТЕРДИ КААЛАП, БИЗДИН СТУДЕНТ БОЛУУҢУЗДАРГА ИШЕНЕБИЗ!