Тапшыруу үчүн керектелүүчү документтер

Окууга тапшыруу үчүн документтердин тизмеси

Кыргыз  Республикасынын жарандары үчүн
  1. КММА ректорунун атына арыз ( арыздын формасын көчүрүү);
  2. ЖРТ сертификатынын оригиналы ;
  3. Орто билими жөнүндө документ (аттестат);
  4. 2 сүрөт (4x6 см), 4 сүрөт (3x4 см);
  5. Аскердик  билет, же чыгарцуу күбөлүгү;
  6. Документтери кабыл алынгандыгы тууралуу дүмүрчөк;
  7. Паспорт копиясы, же өздүгүн аныктаган күбөлүк;
  8. Договор
Жакынкы чет элдик жарандар үчүн
  1. КММА ректорунун атына арыз (үлгү);
  2. Орто билими жөнүндө документ (аттестат);
  3. 2 сүрөт (4x6 см), 4 сүрөт (3x4 см);
  4. Паспорт копиясы, же өздүгүн аныктаган күбөлүк;
  5. Документтери кабыл алынгандыгы тууралуу дүмүрчөк;
  6. 086-У медициналык маалым кат (Бишкек шаарындагы студенттик поликлиникадан милдеттүү түрдө өтүү керек);
  7. Жашаган жеринен маалым кат (башка өлкөнүн жарандары үчүн).
  8. Медициналык камсыздандыруу полиси  6 айга 8196 сом (Бишкек шаары, Медеров көчөсү 42, 2 кабат, 203 бөлмө). Биздин окуу жайга конкурс боюнча өткөндөн кийин алынат

Договор о подготовке специалиста на внебюджетной (договорной) основе

Алыскы чет элдик жарандар үчүн
  • КММА ректорунун атына арыз (үлгү);
  • КРнын мыйзамдарына ылайык келген чыгуу визасы менен паспорт жана анын копиясы;
  • Окутулган предметтерин жана бааларын (баллдарын) көрсөткөн толук орто билими жөнүндө документтин оригиналы жана нотариалдык күбөлөндүрүлгөн копиясы;
  • Толук орто билими жөнүндө документтин КРнын расмий тилинде нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу;  
  • же дипломдон кийинки билим алууга тапшыруу үчүн жогорку медициналык билими жөнүндө диплому;
  • NEET улуттук тесттен өткөн жыйынтыгы (Индия жарандары үчүн)
  • Толук орто билиминин эквиваленттүүлүгү жөнүндө КРнын Билим берүү жана илим министрлигинен маалымат кат;
  • 6 сүрөт 4 x 6 см;
  • АИВ (ВИЧ), В,С, Д гепатитин, малярия изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы;
  • Документтери кабыл алынгандыгы тууралуу дүмүрчөк;
  • Чет өлкөлүк медициналык ЖОЖдорго чет элдик жарандардын тапшыруусу үчүн чыгарылган өлкөнүн талабы боюнча керектүү башка документтер; (мисалы, Индия медициналык кеңешинен чет өлкөдө билим алуу макулдугу жөнүндө маалымат кат);