Чет элдик абитруенттерге

Жалпы маалымат

Кыргызстандагы  жогорку медициналык кесиптик билим берүү – бул дипломго чейинки жана дипломдон кийинки билим берүү программалары боюнча дарыгерлерди жана фармацевтерди даярдоо.  

Дипломго чейинки билим берүү  дарылоо иши, педиатрия, стоматология, медициналык алдын алуу иши, фармация жана жогорку медициналык ауымдарга билим берүү багыттары боюнча 5-6 жылдык билим берүүнү сунуштайт. 

Дипломдон кийинки билим берүү  Ар түрдүү тармактар боюнча ординатура программаларынын алкагында 2-3 жылдык билим берүүнү сунуштайт.

И.К. Ахунбаев атындагы КММА билим берүүнүн бардык деңгээлдери боюнча адистерди даярдайт жана англис, орус тилдеринде билим берүү мүмкүнчүлүгүн  сунуштайт.

Билим берүү программасы

Окууга тапшыруу процесси

Окууга тапшыруу мөөнөтү

Келүү жана визалык маселелери

Урматтуу ата-энелер жана абитуриенттер, биздин сайтка кирүүчүлөр

Υчүнчү компаниялар тарабынан чет элдик жарандарды окууга кабыл алуу боюнча КММА расмий документтерин жасалма даярдагандар көп болгондугуна байланыштуу КММА жетекчилиги чет элдик студенттерди кабыл алуу кызматташтыгы  жөнүндө бир гана ОсОО «СК Кареер Билдер» компаниясы менен келишими бар экенине   көңүлүңүздөрдү   бурат.  Расмий өкүлдөр менен байланышуу телефону: +996 777 322 222 (WhatsApp), же  dr_sunil_kg@yahoo.com. электрондук дарегине жазсаңыздар болот. Расмий вебсайт - http://www.ksmaedutech.in 

КММА «SARA PHARM» ЖЧК компаниясы менен кызматташпай калганын эскертет.

"СК Кареер Билдер" компаниясынын расмий өкүлү төмөнкү компаниялар менен кызматташпайт: