Окууга тандоо жана кабыл алуу тартиби жана жоболору
Максаттуу кабыл алуунун тартиби
  • КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!!! Документтерди кабыл алуу https://2020.edu.gov.kg/ порталы аркылуу гана жүргүзүлөт.
  • Гранттык негиздеги максаттуу орундарга конкурска учурдагы жылы ЖРТга катышып, аныкталган босоголук баллга барабар же жогору баллды алган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын (медициналык адистиктер үчүн аймактык саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси менен макулдашуу боюнча) жетекчиси кол койгон окууга жолдомосу бар (даярдоо багытын/адистикти көрсетүү менен) Кыргыз Республикасынын жарандарына - абитуриенттерге жол берилет. Максаттуу кабыл алуу конкурсуна катышкан жана эң жогору балл топтогон абитуриенттер кабыл алууга сунушталат. Ушул категориядагы абитуриенттер үчүн ыйгарым укуктуу орган өзүнчө босоголук балл белгилеши мүмкүн.
  • Гранттык негизде максаттуу кабыл алуу үчүн орундардын саны ыйгарым укуктуу орган тарабынан ар бир даярдоо багытына жана адистикке бекитилген кабыл алуу планынын чегинде белгиленет.
  • Гранттык негиздеги максаттуу орундардын саны докуменгтерди кабыл алуунун жана тандоо менен кабыл алуу турларынын жүрүшүндө көбөйтүлүшү мүмкүн эмес.
  • Гранттык негиздеги максаттуу орундарга кабыл алынган абитуриенттер менен жумушка милдеттүү бөлүштүрүү жөнүндө студенттин, ЖОЖдун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ортосунда үч тараптуу келишим түзүлөт.
  • Конкурс боюнча гранттык негиздеги максаттуу орундарга өтпөй калган адамдар билим алуунун каалаган формалары боюнча жалпы конкурска катыша алат.
  • Тандоо менен кабыл алуунун акыркы турунда бош калган гранттык негиздеги максаттуу орундар жалпы конкурска катышкан адамдарга берилет.
  • Иш берүүчүлөр өз каражаттарынын эсебинен окутуу наркын төлөө менен келишимдер боюнча республиканын билим берүү уюмдарында адистерди максаттуу даярдоону заказ берүүгө укуктуу.